Борбор Азия портко жол издеп, "Талибан" менен кызматташууда. Пайдасын Кытай көрөбү?

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Ооганстанга иш сапарында “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугууда. Кабул шаары, 2025-жылдын 10-июлу.

Кабулда төрт жыл мурун бийликти басып алып, Ооганстан Ислам Эмиратын түзгөн "Талибан" өкмөтүн  Орусия расмий тааныды. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, соода жана инфраструктура боюнча бирге иштешүүгө аракет кылып жатканы менен талиб өкмөтүн расмий тааный элек.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ири коңшусу жана инвестору Кытай чөлкөмдүн Ооганстан менен ымала түзүшүнө кызыкдар болушу мүмкүн.

Темир жол жана соода: Ооганстан боюнча орток стратегия барбы?

Ушул жылдын июль айынын башында Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу баштаган казак делегациясы Кабул шаарында талиб өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Тараптар Борбор Азияны Түштүк Азия менен байланыштырган темир жол куруу боюнча меморандумга кол койгону маалым болду.

Астана Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш аймагындагы Торгунди шаарчасынан Гератка чейин темир жол курууга кызыкдар экенин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, “бул багыт Пакистандын портторуна жүк ташууга мүмкүнчүлүк берет”.

Торгунди - Герат темир жолун куруу долбооруна Казакстан 500 миллион доллар инвестиция салууга даяр экени кабарланды. Бул сумма 2024-жылы Ооганстанга экспорттолгон казакстандык товарлардын көлөмүнө барабар.

“Ооганстан биз үчүн соода-экономикалык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жаткан маанилүү өнөктөшүбүзгө айланды. Товар жүгүртүүнү 3 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүүнү максат кылып жатабыз. Мындай аракет эки тараптуу колдоого алынган. Бул үчүн Казакстан Ооганстанга ташылып жаткан айыл чарба продукциясын, күйүүчү майды, минералдык жер семирткичтерди жана химиялык өнөр жай продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө даяр”, — деп билдирди Нуртлеу.

Мунун алдында апрелде Ооганстанга Казакстандын дагы бир вице-премьери Серик Жумангарин барган эле. Ал иш сапарында Астана Ооганстандагы кен байлыктарды иштетүүгө кызыкдар экенин билдирип, түстүү металлдардын курамын изилдөө үчүн жеринен үлгүлөр алынган.

Казакстандын вице-премьери Серик Жумангарин (солдон экинчи) апрелдеги Ооганстанга иш сапарында “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолуккан.

Деңиз жолуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Казакстан мунайын негизинен Орусия аркылуу дүйнөлүк рынокко сатат. Ошондуктан бул өңүттөн алганда казакстандык аткаминерлердин Ооганстанга болгон сапарлары түшүнүктүү: өз ресурстарын экспорттоо үчүн Инди океанындагы портторго чыгууга мүмкүнчүлүгүн издеп, альтернативдүү жолдорду караштырууда. Мындан тышкары, Казакстан буудай жана унду мурдагыдай коңшуларына сата албай (бул базарды Орусиянын продукциялары ээледи), башка базарларды ээлөөгө үмүт кылууда.

Борбор Азияда экономикасы боюнча экинчи орунда турган Өзбекстан дагы Ооганстан менен соодасын кеңейтүү чарасын көрүүдө. Казак министринин сапарынан бир аптадан кийин Кабулга Ташкенттен делегация барды. Күн тартибинде ошол эле темир жол курулушу болду.

18-июлда Өзбекстандын, Пакистандын жана талиб өкмөтүнүн өкүлдөрү Термезди Пакистандын Карачи шаары менен туташтырган Трансооган темир жол коридорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча келишимге келишти.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтияр Саидов, талиб өкмөтүнүн өкүлү Амир Хан Муттаки жана Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар темир жол курулушу боюнча биргелешкен техникалык-экономикалык негиздеме даярдоого байланыштуу келишимге кол коюшту. Кабул, 2025-жылдын 17-июлу

Тышкы саясатында дайыма прагматизмге артыкчылык берген Өзбекстан “Талибан” менен байланыш түзүүгө коңшуларынан эртерээк аракет көрдү. 2024-жылы август айында ооган башкалаасы Кабулга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган өкмөттүк делегация барган. Ушул эле жылы “Талибан” өкмөтүнүн экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Гани Барадар Ташкентке барды. Анда тараптар бажы алымдарын төмөндөтүү жана Ооганстандагы газ тармагына инвестиция тартуу боюнча келишим түзүштү.

Ал тапта Түркмөнстан Трансооган газ кууру боюнча (ТАПИ - түркмөн газын Ооганстан аркылуу Пакистанга жана Индияга алып өткөн узак мөөнөттүү долбоор) талибдер менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Ашхабад түркмөн газын түштүккө экспорттоогө үмүт артат.

Ооганстан менен мамилелерди жандандырууга Кыргызстан дагы аракет кылууда. Өткөн жылы Кыргызстан Казакстандын артынан эле “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Региондогу "Талибан" менен кызматташуудан баш тарткан жалгыз өлкө - Тажикстан. Мунун өзү Ооганстан боюнча Борбор Азиянын орток стратегиясы жок экенин көрсөтүп турат.

“Тажик өкмөтүнүн позициясына Ооганстандагы этникалык тажиктердин абалы таасир этүүдө. Анткени алар мурдагыдай мамлекеттик башкаруу органдарындагы позицияларын жоготушкан. Бул тажик бийлиги үчүн сезимтал маселе болгондуктан азырынча "Талибан" өкмөтүнө карата орток стратегияны колдоодон карманып турушу мүмкүн", — дейт Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун жетекчиси Алишер Илхамов.

Анын эсебинде, эгерде региондо Ооганстан менен кызматташтык боюнча бирдиктүү стратегия иштелип чыкса, бул алардын кызыкчылыктарына төп келип, келечекте туруктуулук үчүн дагы пайдалуу болмок.

Эң биринчи бенефициар Кытайбы?

Ооганстан - геостратегиялык жактан маанилүү кесилиш, Перс булуңуна чыгууга Борбор Азия өлкөлөрүнө кыска жол ачкан Түштүк Азияга карай "дарбаза" десе болот. Мындай мүкүнчүлүк бир гана Борбор Азия өлкөлөрүнө тиешелүү болбошу турган кеп. Ооганстандын чыгыштагы коңшусу Кытай Кабул менен кызматташууга Борбор Азия өлкөлөрүнөн кем эмес, балким андан да көбүрөөк кызыкдар.

Эгерде Ооганстан темир жол аркылуу Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга туташса, анда Кытай өз товарларын Европага жеткирүүдө колдонгон “Борбордук коридордун” маанисин жана мүмкүнчүлүктөрүн арттырмакчы. Бул коридор Борбор Азия, Каспий деңизи, Кавказ жана Түркия аркылуу өтөт. Мындай жол менен Бээжин кургактагы жүк ташуу багыттарын кеңейтип, өзүнүн дымактуу “Бир алкак – бир жол” демилгесине Ооганстанды кошууга (интеграция) жетишмекчи.

“Ооганстандын аймагы аркылуу логистикалык багыттарды куруу “Бир алкак – бир жол” демилгесине толуктаган маанилүү багыт болмок. Бул жагынан алганда Кытайдын кызыкчылыктары Орусия аймагы аркылуу өткөн мурдагы жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жоготкон Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыктарына төп келмек. Андан сырткары, эгерде Кытай Трансооган соода жолдорунун курулушуна инвестиция салса, анда бүтүндөй регионго, анын ичинде Борбор Азияга, Ооганстанга жана Пакистанга таасири өсөт. Демек, Кытай экономикалык жактан гана эмес, геосаясий жактан да утушка ээ болот”, — дейт Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence уюмунун жетекчиси Алишер Илхамов.

2000-жылдардын башынан тарта Кытай Борбор Азия менен тыгыз кызматташууга өзгөчө маани берүүдө. Анткени бул регионду Европа, Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен байланыштырган “кургактагы евразиялык көпүрөнүн” маанилүү бөлүгү санап, экономикасын камсыздоодогу керектүү ресурстардын булагы катары эсептейт.

Абдул Гани Барадар Логар провинциясындагы жез казып алуу боюнча долбоордун ачылыш аземинде. Кытайлык инженерлер менен “Талибан” өкмөтү дүйнөдөгү экинчи ири жез кендеринин бири болгон Мес-Айнак кенин өздөштүрө баштады. 2024-жылдын 24-июлу.

Ооганстанда жаратылыш ресурстары – алтын, асыл таштар, жез жана дүйнө жүзүндө жетишсиз болгон литий бар.

Бээжин Кытайдын түндүк-батышында жайгашкан Шинжаң провинциясына автожолдорду жана темир жолдорду курууга миллиарддаган доллар инвестиция салып, чөлкөмдү өнөр жай жана айыл чарба базасына айландырды. Бул чөлкөмдө узак жылдардан бери жикчил маанай күчтүү болуп келген (региондо түрк тилдүү элдер — уйгурлар, казактар, кыргыздар жашайт жана айрым топтор борбордук бийликке нааразычылыгын билдирип, кеңири автономия талап кылып келишет). Ошону менен катар эле Борбор Азиянын инфраструктуралык долбоорлоруна дагы каражат салып келди.

Албетте, бул аракет өз жемишин берди. 1998-жылы Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы товар жүгүртүү жарым миллиард доллардан ашпаган өлчөмдө катталган болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 95 миллиард долларга жакындаган.

Австралиянын Гриффит университетинин изилдөөчүсү Майкл Кларк 2013-жылы Кытай “Чоң Борбор Азия” (Greater Central Asia) концепциясын карманып жатканын, регионду кеңирип карап, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен катар эле Ооганстанды да камтыганын жазган. Изилдөөчү муну менен Кытай бир нече максатты көздөй турганын белгилеген: Ооганстан менен чектешкен Шинжаңдын коопсуздугун камсыз кылуу, регион менен кеңири экономикалык байланыштарды түзүү, жаратылыш ресурстарына жетүү жана Батыштын таасирине каршы туруу.

Ушул жылдын июнь айында Астанада өткөн “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитинде кытай лидери Си Цзиньпин Ооганстанды өнүктүрүү жана калыбына келтирүү үчүн кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин. Астана шаарындагы аба майданы, 2025-жылдын 16-июну.

“Ооганстандын өнүгүү потенциалын жогорулатууга жардам берип, мүмкүн болушунча тез арада тынчтыкка, туруктуулукка жетүүгө, өнүгүүгө жетишүүсүнө көмөктөшүүбүз зарыл. Ал үчүн биз координацияны күчөтүшүбүз керек”, -деген Си Цзиньпин региондогу беш мамлекеттин лидерлери менен жолугушууда.

Кытай лидерин саммитте Казакстан менен Өзбекстандын президенттери колдогон. Токаев Ооганстанды соода-экономикалык кызматташууга тартуу аны эл аралык изоляциядан чыгарууга көмөк болорун белгилесе, Мирзиёев Борбор Азиянын бардык мамлекеттери жана Кытайдын катышуусунда жогорку деңгээлдеги топ түзүп, Ооганстан менен өз ара кызматташуу маселелерин карап чыгууну сунуштады.

“Борбор Азия — Кытай” саммитинин катышуучулары. Астана, 2025-жылдын 17-июну.

Ооганстанга инвестиция салуу - деңиз жолуна түз чыга албаган Борбор Азия өлкөлөрү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок саясий туруксуз, согуштан башы чыкпаган өлкөгө каражат жумшоодо чоң тобокелчиликтер кала берүүдө.

“Ооганстанга инвестиция салуунун негизги тобокелчилиги — өлкөдө кайрадан туруктуулук бузулуп кетүү ыктымалдыгы бар. Айталы, мындай туруксуздук элдин социалдык-экономикалык абалынын кескин начарлап кетишинен улам жаралышы мүмкүн. Андай болгондо “Талибандын” айрым бөлүгү андан бетер радикалдашып, кесепетинде өлкө аймактарга бөлүнүп, аларды куралдуу топтордун башчылары көзөмөлдөп калышы ыктымал. Мындай көрүнүш Ооганстанда ондогон жылдар бою болуп келген”, — деп түшүндүрөт изилдөөчү Алишер Илхамов.

Талиб өкмөтүнүн расмий таанылбай жатышы дагы кырдаалдын турукташуусуна алып келет. Азырынча “Талибан” өкмөтүн жалгыз гана Орусия расмий тааныды.

Москванын таасиринде болгону менен Ооганстан маселесине келгенде Борбор Азия, ар бири өз кызыкчылыгына таянып аракет кылып жаткандай.

“Азырынча “Талибан” өкмөтүнө байланыштуу маселеде Борбор Азия мамлекеттери өз алдынча аракет кылууда. Эгер бул оюнга Кытай аралашса, анда анын бүт регионго геосаясий таасири кыйла артышы мүмкүн. Бирок бул Батышка дагы, Орусияга дагы жакпайт. Анткени Батыш азырынча “Талибанды” тааныган жок жана Ооганстандын экономикасына инвестиция салууга шашпай турат. Орусия өз аймагы аркылуу өткөн соода жолдоруна альтернатива түзүлүшүнө кызыкдар эмес”, - дейт изилдөөчү Алишер Илхамов.