Жаңылыктар | 19.07.2025 | Мурдагы вице-мэр Ырсалиев 2.9 млн сом төлөп, камактан чыкты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК ) Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Ы.Ж.С. (Жамалбек Ырсалиев) эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде чыгарылганын билдирди. Атайын кызматтын 18-июлдагы маалыматына караганда, ал 2.9 миллион сом зыяндын ордун мамлекетке төлөп берди.
17-июлда УКМК Ырсалиевге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгонун, атайын кызматтын тергөө абагына камалганын билдирген. Тунгуч кичи ройонундагы 1,5 миңдей чарчы метр жерди алты жыл бою "мыйзамсыз пайдаланылып келгенине тиешеси бар" экенин, анын негизинде мамлекетке үч миллион сомдой зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган. Ырсалиев менен кошо В.Н.А аттуу жаран да камалганы белгилүү болгон.