Венгриядагы мелдеште балбандар Медет кызы менен Жумашбек уулу байге алды

Айпери медет кызы. Сүрөт Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна таандык. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyák Imre & Varga János Memorial эл аралык мелдешинде коло байгеге ээ болду.

Күрөш дүйнөсү уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта чейрек финалда америкалык Даймонд Гуилфордду жеңип, жарым финалда бразилиялык Тамирес Мачадого утулган.

Ал эми коло байге үчүн таймашта болсо түштүк кореялык Сойеон Жеоңгду 12:1 эсебинде жеңип алган.

17-июлда башталган мелдеш бүгүн грек-рим күрөшү боюнча таймаштардан кийин аяктайт.

Буга чейин эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограмм салмакта күмүш байгеге ээ болгон.

Дагы караңыз

Москванын Зеленоград району дрон чабуулуна кабылып, аэропорттор бир нече саатка жабылдыКумтөр алты айда 13,3 млрд сом таза киреше тапканын билдирдиАширова цирк сегиз жаныбарды сатыкка койгонун айтты Орусияда кароосуз калган төрт наристе Кыргызстанга кайтарылды