20-июлга караган түнү Москванын түндүк-батышындагы Зеленоград району украиналык дрондордун чабуулуна туш болду. Маалыматтарга караганда, атып түшүрүлгөн учкучсуз учактардын сыныктары тийген эки машина күйүп кетти. Көп кабаттуу үй зыян тартты. Жараат калгандар тууралуу маалымат берилген жок.
Шаардын мэри Сергей Собяниндин айтымында, абадан коргонуу күчтөрү Москваны көздөй учкан 16 дронду атып түшүрдү. Дагы беш учкучсуз учак 19-июлда атып түшүрүлгөн. Калаа мэри 20-июлда эртең менен дагы дрондор атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Москвадагы “Шереметьево”, “Внуково”, “Домодедово” жана “Жуков” аэропортторуна ишемби кечинде жана жекшембиге караган түнү учактардын конуусуна жана учуусуна чектөө киргизилди. Аэропорттор бир нече саатка жабылып, таңга маал чектөөлөр алынды.
"Аэрофлот", “Победа” авиакомпаниялары чектөөлөргө байланыштуу каттамдарды жылдырууга туура келгенин жазды. Орусиянын авиациясы жалпысынан акыркы суткада кошумча аэродромго 134 учак кеткенин билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 20-июлга караган түнү абадан коргонуу күчтөрү ар кайсыл аймакта украиналык 93 дронду атып же колго түшүргөнүн кабарлады.
Украина соңку чабуулдар туурасында комментарий бере элек.
Бир күн мурун пилотсуз учактын чабуулунан Ростов облусундагы темир жолдогу байланыш түйүнү бузулганы кабарланган. Натыйжада ишемби күнү кечинде 75тен ашык жүргүнчү поезди кармалып калган.