“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчиси Бузурман Субанов быйыл алты айда Кумтөрдүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше 13,3 млрд сомго жеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 19-июлда металлургдардын кесиптик майрамына арналган иш-чарада айткан. Анын айтымында, былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд сомду, 2023-жылы 8,9 млрд сомду түзгөн. Ал эми өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 16,1 млрд сом которулган.
Быйыл апрелде Субанов “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна “Кумтөр” ишканасынын өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу маалымат берип жатып, Кумтөрдөн 2024-жылы 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөнүн билдирген. Сатылган алтындан 989,1 млн доллар түшкөн.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат. (КЕ)