Вьетнамда турист ташыган яхта аңтарылып, ондогон адам каза болду

Кырсыктаган кемени жээкке чыгаруу учуру.

Би-би-си Вьетнамда туристтерди ташыган яхта аңтарылып, бери дегенде 34 адам мерт болгонун, дагы бир нече кишинин дайыны чыкпай жатканын жазды. Кырсык өлкөнүн түндүгүндө, туристтер арасында популярдуу Ханойдон 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Халонг булуңунда болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү борбордон келген вьетнамдыктар болгон.

Куткаруучулардын айтымында, издөө иштерине нөшөр жаан жолтоо болууда. Ошентсе дагы 11 киши куткарылды.

Өлкөнүн Чек ара кызматы билдиргендей, бортунда 53 кишиси бар Wonder Seas кемеси капысынан болгон катуу шамал учурда аңтарылып кеткен.

Вьетнам акыркы убакта туристтер көп барган өлкөлөрдүн бирине айланды. Ал жакка Борбор Азиядан, Кыргызстандан эс алууга баргандар көбөйдү.

Дагы караңыз

Украина Орусияга сүйлөшүүнүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштадыЕБнын санкциялык тизмесине Орусиянын 20дан ашуун банкы, компаниялары кирди Министр Эркин Чечейбаев дарыгерлерге "сылык болууну" эскерттиТрамп WSJ басылмасы менен анын ээлерине 10 млрд долларлык доо койду