Алиев Украинаны "оккупацияланган аймактардан баш тартпоого" чакырды

Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украинаны Орусия ээлеп алган аймактарынан баш тартпоого чакырды. Бул тууралуу ал Шуша шаарындагы медиафорумда украиналык журналист Дмитрий Гордондун суроосуна жооп берип жатып айтты. Алиев 30 жылдан бери Тоолуу Карабак жана ага жакын аймактардын бир бөлүгүн Баку көзөмөлдөбөй калган Азербайжан менен Украинадагы кырдаалды салыштырды.

Кавказдагы эки өлкө Тоолуу Карабак маселесинен улам 30 жылдан ашуун жаңжалдашып келди. Азербайжан 2023-жылы сентябрда аймакты өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Ал жакта жашаган армян улутундагы 100 миңдей киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

"Сүйлөшүүлөр жүргөн жылдарда... Мен ага 2003-жылдын аягынан тарта катышып келем. 17 жылдан бери көптөгөн сунуштар болду, көптөгөн жолугушуулар болду. Реалдуу жагдайды карап тил табышуу зарылчылыгы тууралуу көп билдирүүлөр болду. Андан кийин жаңы реалдуулуктарды биз жаратабыз, силер ага макул болосуңар деп чечтик. Мына ушундай болду", - деп белгиледи Алиев.

Азербайжан Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ачык билдирип келатат.

Буга чейин Баку орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Карабакты талаштуу аймак деп атаганына нааразы болгон.

Шушада сүйлөп жатып Алиев Азербайжан былтыр кышында Азербайжан аба жолдору (AZAL) компаниясынын учагы кырсыкка учураган жагдай боюнча эл аралык сотко кайрылуу үчүн документтерди даярдап жатканын билдирди.

Компаниянын учагы былтыр 25-декабрда кырсыкка учураганда Азербайжандын бийлиги лайнер Грозныйга отурар маалда орусиялык ракетадан коргонуу системасынын актылоосуна кабылганын айтууда. Жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына бет алууга аргасыз болуп, ошол жакта кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.

Дагы караңыз

ЕБнын санкциялык тизмесине Орусиянын 20дан ашуун банкы, компаниялары кирди Министр Эркин Чечейбаев дарыгерлерге "сылык болууну" эскерттиТрамп WSJ басылмасы менен анын ээлерине 10 млрд долларлык доо койду“Клооптун” бир нече кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлдү