Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылган тасмада министрдин жыйындагы сөзүнөн үзүндү берилген.
Жыйында негизинен медициналык этика, антикоррупциялык саясат, сапатты көзөмөлдөө жана тартип маселеси каралган. Чечейбаев ар бир жетекчи жана дарыгер өз жүрүм-турумуна жооптуу экенин белгилеген.
“Таза иштебеген адам камалат. Ошон үчүн, урматтуу жетекчилер, бүт дарыгерлериңерге чогулуш өткөрүп, айткыла. Бейтаптар менен сылык сүйлөшсүн. Мына, Бишкекте ЛОР бөлүмдө клиникалык ординатор бейтаптын ата-энесин сөгүп салып, токмок жеп, алар дагы ызы-чуу болуп отурушат. Силер медик катары бейтаптар менен аябай сылык сүйлөшүңөр керек. Өзүңөрдү кармашыңар керек. Бейтаптар көйгөй менен келип, эмоцияга алдырып коюшу мүмкүн. Силер өзүңөрдү кармашыңар керек. Албетте, биз дарыгерлерди коргошубуз керек. Бирок, силер, дарыгерлер, өзүңөр негиз бербешиңер керек. Бейтаптардан акча доолабагыла, сурабагыла. Берсе албагыла”.
Министр бейтаптардан акча талап кылган кызматкерлер токтоосуз кызматтан алынарын жана укук коргоо органдарына тапшырыларын айткан.
Министрдин дарыгерлерге эскертүү берген бул жыйыны Улуттук госпиталда бейтаптар менен дарыгерлердин ортосунда катар-катар орун алган эки жолку чыр-чатактан кийин өткөн. Чуулуу окуяларда бейтаптар менен алардын жакындары дарыгерлерди сабап салганы айтылган. Милиция "тараптар элдешип алды" деп иш козгогон эмес.
Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда дарыгерлер сабалган окуялардан улам ички ички иштер министрине, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына кайрылган болчу. Ал Фейсбуктагы баракчасына дарыгерлерге кол салууга күнөөлүү деп табылгандар сөзсүз жоопко тартылышы керектигин жазган.
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты аталган оорукананын дарыгерлери сабалган окуяларга байланыштуу бийлик башчыларына видео кайрылуу жолдошкон. Оорукананын Фейсбуктагы баракчасына 18-июлда жарыяланган билдирүүдө медициналык кызматкерлерге басым жасалып, ур-токмокко алган учурлар көбөйгөнү, жабыркагандар өч алууга кабылуудан айбыгып арыз жазуудан баш тартууга мажбур экени, айрыкча кол көтөргөн күч органдарынын кызматкерлери жазасыз калып жатканы айтылат.
Билдирүүдө бийлик башчыларынан дарыгерлерди коркутуу, басым жасоо фактыларын көз карандысыз, адилет иликтөөнү, жогорку кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга чара көрүүнү талап кылышкан.