Украинада каза болгон 119 миңден ашуун орус аскеринин ысымы такталды

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери фронтто 119 154төн кем эмес орус аскери каза болгон. Мындай сандар Би-би-си орус кызматы менен “Медиазона” басылмасынын ыктыярчылар менен биргелешип даярдаган маалыматында айтылат.

Тизме соцтармактардагы маалыматтар, жергиликтүү басылмалардагы кабарлар сыяктуу ачык булактардын негизинде түзүлгөн. Каза болгондордун реалдуу саны мындан бир кыйла көп болушу мүмкүн.

Мурунку маалымат жарыялангандан кийинки эки жумада каза тапкандардын саны дээрлик миң кишиге көбөйгөн.

Эң көп жоготуулар ыктыярчылар арасында болгон – согуш башталгандан бери 32 миңден ашуун киши өлгөн. Каза болгондордун саны боюнча экинчи орунда абактан баргандар (дээрлик 18 миң киши), үчүнчүдө – мобилизациялангандар (13 миңден ашуун) турат.

Согушта жалпы каза болгондордун беш миңден ашууну офицерлер.

Мурдараак АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусия жыл башынан бери 100 миң аскеринен айрылганын билдирген. Ушундай эле бааны 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да берген.

“Медиазонанын” ырасташынча, согушчул блогер Павел Губарев согуштун башынан тарта жалпысынан миллион аскер каза болгон деп эсептейт.

Америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эсебинде, Орусия согуш башталгандан бери миллион кишисинен айрылган. Анын 250 миңи өлтүрүлгөн. Украинанын жалпы жоготуулары 400 миң аскер деп эсептелет.

Орусия менен Украина өздөрүнүн жоготуулары тууралуу расмий түрдө өтө сейрек кабарлашат.