Москва Еврошаркеттин санкцияларын "мыйзамсыз" деп атады

Кремль

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Медведев Орусия Батыштын санкцияларына "иммунитет иштеп чыкканын" жана аларга "ыңгайлашканды үйрөнгөнүн" билдирди. Анын айтымында, жазалоочу чаралар мыйзамсыз жана Орусияны колдогон өлкөлөргө терс кесепеттерин тийгизет.

Песков Москва Еврошаркеттин жаңы санкцияларын талдап чыгарын кошумчалады.

Жума күнү Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы санкцияларын 18-пакетин бекиткен.

Шаркеттин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас бул чаралар бүгүнкү күнгө карата Москвага салынган "өтө катаал санкциялар" болорун билдирди. Reuters агенттиги Каллас Европа Биримдиги Украинанын колдоодон баш тартпасын, Москвага согушту токтотмоюнча кысымды күчөтө берерин айтканын жазды.

Мунун алдында Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо санкциялардын жаңы топтомун колдой турганын билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен газдын баасына байланыштуу кепилдикти макулдашканын жазган.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 16-июлда Словакия менен Мальтанын каршылыгынын айынан санкциялардын жаңы топтомун макулдаша алган эмес.

Братислава мурда кабарлангандай, эгер орус газы келбей калса, анын чыгымын толук жабуу үчүн шаркеттен кенемте талап кылган. Валетта болсо орус мунайынын баасы көтөрүлүп кетсе, кара май ташыган флотко кесепети оор болот деп чочулап жаткан.

Санкциялардын 18-пакетинде орус мунайына бааны кескин көтөрүү, "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларына тыюу салуу, Орусиянын банктарына жаңы чектөөлөрдү киргизүү каралып жатканы маалым болгон.

Дагы караңыз

"Балдарда эмне күнөө?" Газада күнүнө 28 наристе набыт болот Газа: Чиркөөгө тийген соккудан үч киши набыт болду "Ак халатчандар эмне үчүн кордук көрүшү керек?" Бишкекте дарыгерлер бийликке кайрылды