Украинада «Вагнердин» катарында согушкан өзбек жараны 3,5 жылга кесилди

Өзбекстандын туусу

Өзбекстандын соту Украинадагы согушка катышкан жаранды үч жарым жылга кести. UzNews соттук материалдарга таянып жазганына караганда, Кашкадарыя облусунун Р.Д. аттуу 59 жаштагы тургуну Москвага эмгек миграциясына кеткен. Бир нече убакыттан кийин ал жатаканадагы "кошунасын өлтүргөн" деген шек менен кармалган. 2021-жылы орус соту аны 9 жылга колонияга кескен.

Андан кийинки жылы өзбек жаранына 100 миң рубль (1300 АКШ доллары) айлык, орус жарандыгын жана айыбын кечүү убадасын берип “Вагнер” менчик компаниясына жалдашкан. Алты айдан кийин ага “ согуштук аракеттерге жакшы катышканы” үчүн ырайым берилген.

Быйыл жазга чейин Москвада иштеп, кийин Өзбекстанга кайтып барганда Улуттук коопсуздук кызматынын регионалдык башкармалыгына багынып берген. Анын үстүнөн өлкөнүн мыйзамына ылайык жалданмачылык боюнча кылмыш иш козголгон.

Сотто Р.Д. согушка катышканына өкүнөрүн айтып, келечекте андай иштерге барбайм деп сөз берди.

2023-жылдан бери түрмөдө отургандарды согушка жалдоо менен Орусиянын Коргоо министрлиги алектенет. Укук коргоочулардын маалыматтарына ылайык, майданга жөнөтүлгөн мигранттарга орус жергесине кирүүгө тыюуну алуу, депортациясын жокко чыгаруу жана орус паспортун тез берүү убада кылынат.

Дагы караңыз

Жаңылыктар | 18.07.2025 | “Дарыгерлерди сабагандар жоопко тартылбады". Улуттук госпиталдын кайрылуусу "Балдарда эмне күнөө?" Газада күнүнө 28 наристе набыт болот "Ак халатчандар эмне үчүн кордук көрүшү керек?" Бишкекте дарыгерлер бийликке кайрылды