Иман менен Хатем ал-Нури эки жарым жашар уулунун өмүрүн тилеп отурат. Сираж 10-июлда Израил аскерлеринин соккусунан жараат алып, ушу тапта Дейр ал-Балахтагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемеси ал күнү 10 бала жана 6 чоң киши каза болгонун маалымдаган. Ошондо ал-Нурилер эки уулунан ажыраганын балдардын энеси айтып отурду:
"Балдарда эмне күнөө? Алар дүйнөдөгү башка балдардай эле чоңоюп, жакшы жашоону эңсеген. Тилекке каршы тилектерин таш капты, көздөгөн ойлорун, үмүттөрүн жок кылышты. Жаркын жашоосу алар менен чогуу көмүлдү".
Израил армиясы – ЦАХАЛ Евробиримдикте жана Америкада террордук деп эсептелген ХАМАС радикал уюмунун согушкерлерин бутага алганын билдирген.
Ал-Нури бир туугандарынын аянычтуу өлүмү БУУнун балдар фонду – ЮНИСЕФ 16-июлда чыгарган кайгылуу статистикага кошулду. Уюмдун жетекчиси Кэтрин Рассел Газада бир миллиондой жеткинчек эбегейсиз азап чегүүгө туш болуп келатканын билдирди:
"Газада согуш жүрүп жаткан 21 айда, маалыматтарга ылайык, 17 миңден көп бала өмүр менен кош айтышты, 33 миңи жарадар болду. Орто эсеп менен алганда тилкеде күнүнө 28 бала каза табат. Бул мектептеги бүтүндөй бир класс жок болуп жатат дегенге барабар. Ойлонсоңор, дээрлик эки жылдан бери күнүгө бир класстын окуучуларын өлтүрүп келатышат. Алар согушкерлер эмес, наристелер. Эң зарыл тамак-аштын, дары-дармектин кезегинде турганда өлтүрүп жана майып кылып жатышат".
Рассел балдар психологиялык травма алып жатканын, өмүр бою андан жапа чегиши мүмкүн экенин эскертти.
ЦАХАЛ жума күнү да палестин анклавын бутага алган соккуларын улантты.
Газадагы чиркөөгө урулган соккудан каза тапкандар менен коштошуу. 17-июль 2025-жыл
Буга чейин ошондой чабуулдардын биринде христиандардын чиркөөсүнө дүрмөт тийип, үч киши набыт болуп, бир нечеси жараат алганын рим-католик чиркөөсүнүн жергиликтүү өкүлчүлүгү билдирди.
Бейшембиде эки христиан Саад Салама жана Фумия Аяд менен коштошуу зыйнатты өттү. Патриархия чабуулду айыптап, «бейкүнөө кишилер жана диний ыйык жер бутага алынганын» белгиледи.
ЦАХАЛ окуянын чоо-жайын териштирип жатканын билдирди. Израилдин Тышкы иштер министрлиги чиркөө же башка диний жайлар бутага алынбаганын, карапайым кишилердин каны төгүлгөнүнө өкүнүчүн Х социалдык тармагына жазды.
Улуттар Уюму, Италия, бир катар башка өлкөлөр диний комплексти аткылоону айыптады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхуга телефон чалып, маселени талкуулаганын Ак үйдүн басма сөз катчысы 17-июлда билдирди.
Рим папасы Леон XIV Газадагы жападан-жалгыз католик чиркөөсүндө адам өмүрү кыйылганына кабыргасы кайышып турганын айтып, ок атышууну токтотууга дагы бир жолу үндөдү.
Ошол эле күнү ал-Буреж качкындар лагеринде жер которгон газалыктар баш калкалаган мектепте бир нече киши каза тапканын Ал-Авда ооруканасынын расмий өкүлдөрү маалымдады.
Израил армиясынын чабуулдары Дохада тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жаткан чакта болуп отурат. 6-июлда башталган соңку айлампада Вашингтондун ок атышууну 60 күнгө токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу сунушу каралып жатат.
Axios басылмасы 17-июлда жазганына караганда, эл аралык арачылар – Катар, Египет жана АКШ Израилдин жана ХАМАСтын өкүлдөрүн сунуштун жаңыланган долбоору менен тааныштырды.
ХАМАС башкарган анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси 2023-жылдын 7-октябрында башталган согушта жалпы жонунан 58 миңден көп газалык каза тапканын билдирди.
Ал күнү жоочулардын кол салуусунан 1200дөй израилдик каза тапкан, 250дөн көп киши барымтага алынган. Ушу тапта хамасчылардын колунда 50дөй киши кала берүүдө, алардын 20сынын көзү тирүү деп болжолдонууда.
Барымтадагыларды бошотууну талап кылган акция. Израил, 20-апрель 2025-жыл
Израил өкмөтүнөн барымтадагыларды бошотуу үчүн аракет көрүүнү талап кылган акциялар жума сайын өтүп келатат. 17-июлда да барымтага алынгандардын жакындары чогулуп, Тел-Авивдеги кан жолду торошту:
"Бүгүн 50 киши Газада туткунда отурганына 650 күн болду. Кеминде 20 киши тирүү. Биз мамлекетти, Израилдин өкмөтүн жана бүтүндөй дүйнөнү, асыресе президент Трампты жана анын чабарманы Стив Уиткоффту жардам берүүгө чакырабыз. Жакындарыбызды үйлөрүнө кайтарууга жардам бергиле, суранабыз. Согушка, Газадагы кан төгүүгө, гуманитардык кризиске чекит коюп, биздин адамдарды мүмкүн болушунча тезирек алып келиш керек", - деп айтты акциянын катышуучусу Ципи Хайтовски.
Нетаньяху ХАМАС куралдан баш тартып, Газадан чыгып кеткенде уруш токтоорун айтып келатат. Ал эми радикал топ Израилдин армиясынын анклавдан толук чегиниши талап кылууда.