Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Орусияга кршы санкциялардын 18-пакетин колдой турганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен газдын баасына байланыштуу кепилдик алганын кабарлады.
"Ушул этапта санкциялардын 18-пакетине каршы чыга берүү туура эмес болот. Ушул этапта бардык варианттар колдонулду жана дагы деле каршы чыга берүү эми өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга коркунуч жаратып калмак",-деп жазды Фицо.
Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 16-июлда Словакия менен Мальтанын каршылыгынын айынан санкциялардын жаңы топтомун макулдаша алган эмес.
Братислава мурда кабарлангандай, эгер орус газы келбей калса, анын чыгымын толук жабуу үчүн шаркеттен кенемте талап кылган. Валетта болсо орус мунайынын баасы көтөрүлүп кетсе, кара май ташыган флотко кесепети оор болот деп чочулап жаткан.
Шаркеттин башкы дипломаттарынын келерки жыйыны 18-июлда болот.
Санкциялардын 18-пакетинде орус мунайына бааны кескин көтөрүү, "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" газ куурларына тыюу салуу, Орусиянын банктарына жаңы чектөөлөрдү киргизүү каралып жатканы маалым болгон.