Орусиянын соккусунан Донецкиде эки адам набыт болуп, дагы 27си жараат алды

Маалыматтарга караганда, Добропольенин борборуна "ФАБ-500" үлгүсүндөгү авиабомба ташталган.

Украинанын Донецк облусундагы Доброполье шаарында Орусиянын чабуулунан кеминде эки адам мерт болуп, дагы 27 киши жараат алды. Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, шаардын борборуна "ФАБ-500" үлгүсүндөгү авиабомба ташталган.

Соккуда 50дөн ашык соода жайы, 304 батир жана 13 жер там, дагы сегиз машина жабыркады.

Купянск, Днепр, Смоленск облустары дагы бутага алынып, жараат алгандар бар.

Орусия Добропольеге жасалган чабуул тууралуу комментарий берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги 16-июлда кечинде Украинанын дагы 48 дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди. Воронеж облусунун губернатору бир учкучсуз аппарат көп кабаттуу үйгө кулап, үч өспүрүм жараат алганын ырастады.

"Росавиация" 17-июлда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6дан тартып Санкт-Петербург шаарындагы "Пулково" аэропорту убактылуу жабылганын жарыялады.

Анын алдында Ленинград облусунун губернатору Александро Дрозденко аймакта дрондон чабуул жасалышы ыктымалдыгы эскертилгенин кабарлаган.

Украина Тула облусундагы Щекино шаарына дагы чабуул жасап жатканы жөнүлдө кабарлар чыкты. Социалдык тармактарда жарылуулар, учкучсуз аппараттар тууралуу видеолор жарыяланды.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн.

Дагы караңыз

Чечейбаев дарыгерлер сабалган окуялардан улам ИИМ менен УКМКга кайрылды CPJ Кыргызстанда "фейк жаңылыктар тууралуу" мыйзам кабыл алынганына камтамачылык билдирди Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев кармалдыСадыр Жапаров казынага кол салгандар жазасыз калбасын эскертти Трамп Patriot системасынын ракеталары Украинага жөнөтүлгөнүн билдирдиВоронежге жасалган чабуулда жараат алган бир адам набыт болдуЕкатеринбургда азери диаспорасынын башчысынын уулу кармалды