28-майда "Клооп" басылмасынын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына сурак берип чыкты.
Ошондой эле журналисттер менен чогуу суракка жеткирилген эки жаран дагы чыкты. Алардын атайын кызматтын имаратынан чыгып жаткан видеосун "Клооп" телеграм-каналына жарыялады.
"Клооптун" оператору Александр Александров жана басылманын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалганын адвокат Бакыт Автандил билдирди. Аларды УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алып кетишкенин Автандил бейшембиге караган түнү журналисттерге айтты.
"48 сааттын ичинде алардын баш коргоо чарасын карашат. Аларды кармоо мыйзамсыз деп санайбыз. Алар жапырт башаламандыкка чакырууга шектелип жатат" - деди адвокат.
УКМК журналисттердин үйлөрүн тинтүү, суракка алуу жана эки жарандын кармалаганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.
28-майда "Клооп" басылмасынын Оштогу кабарчысы Зыягүл Болот кызынын, кийинчирек Бишкектеги оператору Александр Александровдун үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болгон.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, укук коргоо кызматкерлери тинтүүдөн кийин Зыягүл Болот кызынын ноутбугун жана смартфонун алып кетишкен.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган арызы себеп болгон.
Учурда Кыргызстанда Kloop басылмасынын сайты бөгөттөлгөн.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.