Украина: 1,5 миллион качкын Европага агылды
Орусиянын кол салуусунан Украинада үй-жайын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны бир жарым миллионго жетти. Расмий Киев Орусияны гуманитардык коридор боюнча айыптады. “Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон Next TV телеканалынын журналисттери жана эсепчиси Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берди. Каналдын директору эки айга камалды. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл бекеттеринде товар өткөрүүнүн көлөмү коронавирус пандемиясына чейинки мезгилге жетти. Пандемияга байланыштуу бул бекеттерде жүк ташуу дээрлик токтоп, былтыр жыл аягында жанданган.
Чыгарылыштар
-
Июль 21, 2025
Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүсү өтөт
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти
-
Июль 15, 2025
Активист Куреновдун камак мөөнөтү эки айга узарды