БУУ Израил жана АКШ колдогон Газанын гуманитардык фонду (GHF) деп аталган бейөкмөт уюм жардам тарата баштагандан бери тамак-аш алууга аракеттенген бир миңден көп киши израилдик аскерлердин колунан каза тапканын билдирди.
26-майда GHF өз операциясын Израил гуманитардык жардамды жеткирүүнү эки айдан ашуун бөгөттөп келгенден кийин баштаган.
"Рейтер" агенттиги жазгандай, азык-түлүктү таратуу башаламандык менен коштолуп, газалыктарга ок атылган кабарлар дээрлик күн сайын түшүп турду.
Эл аралык уюмдар Газанын калкы тамак-аштын, дары-дармек, башка эң зарыл нерселердин тартыштыгынан жапа чегип келатканын айтууда.
GHF тамак-аштын 1,4 миллион кутучасы таратылганын, көбүрөк жардам жеткирүү үчүн башка уюмдар менен чогуу иш алып барууга даярдыгын билдирди.
БУУ жана негизги эл аралык гуманитардык уюмдар GHF Израилдин аскердик максаттарын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн деген кооптонуудан улам жана негизги гуманитардык принциптер бузулгандыктан алар менен кызматташуудан баш тартууда.
21-июлда Британия жана 20дан ашуун өлкө Газадагы согушту дароо токтотууга чакырып, Израил өкмөтүнүн тамак-ашты таратуу ыкмасын сындашты.
Шерине