Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди. Кыргыз президентинин администрациясы кабарлагандай, Монголиянын лидерин "Манас" эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Буга чейин айтылгандай, сапардын алкагында салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.
Мындан сырткары кыргыз-монгол бизнес форуму жана эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өтөт.
Буга байланыштуу Бишкекте 20-21-июль күндөрү транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ички иштер органдарынын Бишкектеги курамы бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп коопсуздукту камсыздап турат.
Быйылкы жылдын беш айындагы маалыматка таянсак, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара соода алакасы 3 млн доллардан бир аз ашат. Бул Кыргызстандын жалпы тышкы соодасынын 0,054% түзөт. (КЕ)
Шерине