Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:07

Аширова цирк сегиз жаныбарды сатыкка койгонун айтты


А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки.
А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки.

Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки өзүнүн карамагында жаныбарларды сатыкка чыгарды. Мекеменин директору мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, жаныбарлардын санын кыскартуу максатында төөдөн баштап, енотко чейин сегиз жаныбар сатыкка коюлганын билдирди. Сатыкка коюлган жаныбарлардын жалпы баасы 410 миң сом деп бааланган. Анын ичинен 5 жана 4 жаштагы төөлөр – 90 миң сомдон, 4 жаштагы эки топоздун ар бири 35 миң сомдон, 9 жаштагы дикобраз 50 миң сом, 10 миң сомдон төрт мышык, 50 миң сомго енот, 20 миң сомго эчки сатылары айтылат.

Аширова жаныбарлар азыркы жетекчиликке чейин эле алынып, тийиштүү деңгээлде каралбай, ар кайсы жерлерге чачырап кеткенин, учурда аларды чогултуп, чип коюлганын айткан.

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки 1962-жылы түзүлүп, имараты 1976-жылы курулган.

Цирктин жамаатында 2010-жылдардан бери пикир келишпестик уланып келип, 2023-жылы 7-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик циркти текшерип, толук оңдоп чыгуу тапшырмасын берген. Былтыр 2-ноябрда толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилген.

Быйыл февралда өкмөттүн токтому менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бөлүнгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG