Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Орусияда кароосуз калган төрт наристе Кыргызстанга кайтарылды


Орусиядан кароосуз калган төрт бала алып келинди. 2025, 19-июль
Орусиядан кароосуз калган төрт бала алып келинди. 2025, 19-июль

Орусиядан кароосуз калган төрт наристе Кыргызстанга алып келинди. 19-июлда кайтарылган балдардын экөө жакын туугандарына өткөрүлдү. Экөө Бишкек шаарындагы балдардын адистештирилген мекемесине убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Министрлик бул балдардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Министрлик балдар кандай шартта кароосуз калганын ачык айткан жок.

Өткөн айда министрлик беш бала, февраль айында үч бала Орусиядан алып келингенин кабарлаган.

Жылына Орусиядан бир нече бала кайтарылат. 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине келген. Акыркы үч жылда - 2022-жылы 8 бала, 2023-жылы 12 бала, 2024-жылы 21 бала алып келинген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG