Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Украина Орусияга сүйлөшүүнүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштады


Рустем Умеров
Рустем Умеров

Украина Орусияга келерки апта сүйлөшүүнүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу 19-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш башталганына 1242 күн болгонуна байланыштуу жасаган кайрылуусунда айтты. Анын айтымында, бул сунушту орус тарапка сүйлөшүү боюнча украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров жеткирген. Ушул аптада ал Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы болуп дайындалып, коргоо министри кызматынан кеткен.

Зеленский Умеров Орусияга качан жана кайсыл жерде жолугушууну сунуштаганын ачыктаган жок. Жолугушуунун буга чейинки эки айлампасы Стамбулда өткөн. Соңку жолугушуу июнь айынын башында болду. Буга чейин орусиялык өкүлдөр Украина тараптан жолугушуунун жаңы айлампасына даяр экендиги боюнча белги ала электигин айтышкан.

Зеленскийдин айтымында, “сүйлөшүүлөрдүн динамикасын жогорулатып”, “ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн бардыгын жасоо керек”.

Киев менен Москва июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну макулдашкан.

Орусия Украинанын жолугушуу тууралуу сунушуна комментарий бере элек.

14-июлда президент Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG