Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:21

ЕБнын санкциялык тизмесине Орусиянын 20дан ашуун банкы, компаниялары кирди


Санкцияга кабылган адамдардын тизмесине “Мосфильмдин” башкы директору, режиссер Карен Шахназаров дагы бар.
Санкцияга кабылган адамдардын тизмесине “Мосфильмдин” башкы директору, режиссер Карен Шахназаров дагы бар.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусияга каршы бекиткен 18-санкциялык пакетке кимдер киргени белгилүү болду. Документ ЕБнын кабыл алынган мыйзамдарды жарыялаган расмий сайтына жарыяланды. Анда чектөөлөргө дуушар болгон орусиялык банктардын тизмеси, көмүскө флот деп аталган кемелердин, жеке жана юридикалык жактардын тизмеси камтылган.

Санкциялар пакетине кирген 22 банктын тизмесине Т-Банк (мурдагы Tinkoff), Яндекс банк, Ozon банк жана мамлекеттик ипотекалык Dom.rf банкы кирген. “Осторожно новости” басылмасы белгилегендей, тизмеде Казандын “Банк 131” банкы дагы кирген. Ал Telegramда @donate боту аркылуу кайрымдуулуктарды чогултуу үчүн колдонулган. Аны ишкер Дмитрий Еремеев негиздеген. The Bell басылмасынын жазганына караганда, ал буга чейин Телеграммдын негиздөөчүсү Павел Дуров чыгарууга аракет кылып жүргөн Toncoin криптовалютасынын инвестору. Mediazona жазгандай, Еремеев банктын капиталынан чыкканын билдирди.

Санкциялык чектөөгө мындан сырткары орусиялык 23 компания, анын ичинде Орусиянын түз инвестициялар фонду, Аскердик өнөр жай комплекси менен байланыштуу делген бир катар ишканалар илинди.

Алардын арасында Новосибирскидеги “Коминтерн” заводу, Москвадагы “Системотехника”, жарым өткөргүч приборлор илим-изилдөө институту, Смоленскидеги “Химинтехно”, “Полихим” жана башка заманбап электр байланыш технологиялары илим-изилдөө институту бар.

Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн айтымында, тизмеде Кытай, Гонконг, Түркия, БАЭ, Маврикий жана Сингапур сыяктуу үчүнчү өлкөлөрдүн бир катар компаниялары жана орусиялык мунай продуктуларын ташуу менен алектенген 100гө жакын танкерлер бар.

Санкцияга кабылган адамдардын тизмесине “Мосфильмдин” башкы директору, режиссер жана саясий ток-шоунун катышуучусу Карен Шахназаров, Крым университетинин ректору Владимир Курянов, Аймактарды өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Ильшат Шагиахметов, аскердик -өнөр жай комплексине байланышы бар делген бир катар ишкерлер, чет элдик жарандар кирди.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 18-июлда Орусияга каршы санкцияларын 18-пакетин бекиткен.

Шаркеттин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас бул чаралар бүгүнкү күнгө карата Москвага салынган "өтө катаал санкциялар" болорун билдирген. Reuters агенттиги Каллас Европа Биримдиги Украинанын колдоодон баш тартпасын, Москвага согушту токтотмоюнча кысымды күчөтө берерин айтканын жазган.

Москва Еврошаркеттин санкцияларын "мыйзамсыз" деп атаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Медведев Орусияны колдогон өлкөлөргө бул терс кесепеттерин тийгизерин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG