Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:44

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келет.

Кыргыз президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталиптин айтымында, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму жана эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өтөт.

“Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө”, - деп белгилейт Сагынбек Абдумуталип.

Буга байланыштуу Бишкекте 20-21-июль күндөрү транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Чектөөлөр делегациянын кортежи өткөн багыттарда – “Манас” аба майданынан мамлекеттик резиденцияга чейинки аралыктарга тийиштүү болот. Ички иштер органдарынын Бишкектеги курамы бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп коопсуздукту камсыздап турат.

Быйылкы жылдын беш айындагы маалыматка таянсак, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара соода алакасы 3 млн доллардан бир аз ашат. Бул Кыргызстандын жалпы тышкы соодасынын 0,054% түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG