Бийликти сындап жазган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду. Ал тапта Жогорку сот ушул эле берене менен кине коюлган жарандык активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырды. Авдокаты сотто активисттин айыбы далилденбегенин айтты. Орусиянын чабуулдарынан Днепрде кеминде төрт киши мерт болду. Bloomberg Кытай менен Орусия Shahed согуштук дронуна окшош чабуул коюучу учкучсуз учак моделин иштеп чыгууга киришкенин жазды.
Жогорку сот активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырды
Бийликти сындап жазган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду. Жогорку сот ушул эле берене менен кине коюлган Төрөкулованы абакта калтырды. Орусиянын чабуулдарынан Днепрде кеминде төрт киши мерт болду.
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти
-
Июль 15, 2025
Активист Куреновдун камак мөөнөтү эки айга узарды
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду