Соледар: Украин армиясы менен “вагнерчилер” бетме-бет согушууда
"Кемпир-Абад иши" боюнча камакка алынгандардын жакындары Бишкекте митинг өткөрүп, саясатчы-активисттерди тергөө абагынан бошотууну талап кылышты. Бирок милиция алардын өздөрүн да кармап, түшүнүк кат жазган соң кайра коё берди. Сот төкмө акын Болот Назаровду 16-мартка чейин камакта калтырды. Милиция аны "жайкын тургундун жылкысын тартып алган" деген шек менен кармаган эле. Бийликти сындап жүргөн Назаров айыпты төгүндөсө, жабырлануучу доодон баш тарткан. Украинанын Донецк облусундагы Соледар шаарында Орусиянын жалданма аскерлери- "вагнерчилер" - менен украин күчтөрүнүн бетме-бет согушу жүрүп жатат. Украин президенти Владимир Зеленский шаарда "бүтүн дубал калбаганын" билдирди.
Чыгарылыштар
-
Июль 21, 2025
Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүсү өтөт
-
Июль 17, 2025
Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
-
Июль 16, 2025
УКМК Бишкектин вице-мэрин суракка алып кетти
-
Июль 15, 2025
Активист Куреновдун камак мөөнөтү эки айга узарды