Украинанын Донецк облусундагы Доброполье шаарында Орусиянын чабуулунан кеминде эки адам мерт болуп, дагы 27 киши жараат алды. Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, шаардын борборуна "ФАБ-500" үлгүсүндөгү авиабомба ташталган.
Соккуда 50дөн ашык соода жайы, 304 батир жана 13 жер там, дагы сегиз машина жабыркады.
Купянск, Днепр, Смоленск облустары дагы бутага алынып, жараат алгандар бар.
Орусия Добропольеге жасалган чабуул тууралуу комментарий берген жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги 16-июлда кечинде Украинанын дагы 48 дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди. Воронеж облусунун губернатору бир учкучсуз аппарат көп кабаттуу үйгө кулап, үч өспүрүм жараат алганын ырастады.
"Росавиация" 17-июлда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6дан тартып Санкт-Петербург шаарындагы "Пулково" аэропорту убактылуу жабылганын жарыялады.
Анын алдында Ленинград облусунун губернатору Александро Дрозденко аймакта дрондон чабуул жасалышы ыктымалдыгы эскертилгенин кабарлаган.
Украина Тула облусундагы Щекино шаарына дагы чабуул жасап жатканы жөнүлдө кабарлар чыкты. Социалдык тармактарда жарылуулар, учкучсуз аппараттар тууралуу видеолор жарыяланды.
Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн.
Орусиянын Воронеж шаарына жасалган чабуулда оор жараат алган бир адам набыт болду. Бул тууралуу шаардын мэри Сергей Петрин билдирди. Ал Телеграм каналына жаран ооруканада оор жараат алып комада жаткан жеринен үзүлгөнүн жазды.
Буга чейин Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев Украинанын 15-июлга караган түнү жасаган чабуулунда жалпы 27 киши жараат алганын, алардын 14ү бейтапканага жеткирилгенин билдирген. Маалыматтарга караганда, эки адамдын абалы оор.
Киев Воронежге жасалган сокку тууралуу комментарий берген эмес.
Ал арада Украинанын Аба күчтөрү Орусия 16-июлга караган түнү 400дөй дрон менен аткылаганын билдирди. Ага ылайык, Кривой Рог, Харьков жана Винница бутага алынган.
Мунун алдында Кривой Рогдогу жергиликтүү бийлик согуш башталгандан бери бул аймак узакка созулган тынымсыз аткылоого туш болгонун, 17 жаштагы бала оор жараат алганын билдирген. Винницада соңку чабуулда кеминде сегиз, ал эми Харьковдо үч адам жараат алды.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Patriot зениттик комплекстери үчүн ракеталар Украинага жөнөтүлгөнүн билдирди, бирок анын чоо-жайын толук айткан жок.
"Алар Германиядан жөнөтүлдү, кийин алардын ордуна кайтарылып берилет. Баарын НАТО төлөйт. Айрым учурларда Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер бизге түз төлөйт", - деди Трамп.
Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон. Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктары биринчи орунга коюлганы менен байланыштырылган.
Көп өтпөй Трамп Украинага Patriot системасын жөнөтүү тууралуу бир канча жолу убада берген жана анын акысын НАТО төлөрүн жарыялаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “оң жылыш” бар экенин айткан.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин билдирди. "Интерфакс" маалымат агенттиги ага шилтеме кылып, Путин Трамптын айткандарына кийинчерээк комментарий бере аларын жазды.
"АКШнын президентинин билдирүүсү өтө олуттуу. Андагы айрым жагдайлар президент Путиндин өзүнө жолдонгон. Вашингтондо айтылгандарды талдоо үчүн сөзсүз убакыт керек. Путин эгер керек деп тапса, сөзсүз комментарий берет", - деген Песков.
Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дагы Трамптын билдирүүлөрүнө үн каткан. Анда Москва үчүн "кандайдыр бир талап, болгондо дагы ультиматум коюу мүмкүн эмес экенин" билдирген.
Мунун алдында Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө, Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен. Ал бул тууралуу 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда айткан. АКШнын президенти тарифтер 100% чейин көтөрүлүшү ыктымал экенин белгилеген.