Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:04

Түз ободо Зеленский Орусияга сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштады

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:19 14.7.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Украинага Patriot системасын жөнөтүү тууралуу дагы убада берди жана анын акысын европалык өлкөлөр төлөрүн кайталады.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "биз аларга абадай керек болуп жаткан "Патриотторду" жөнөтөбүз, анткени Путин көбүн таң калтырды. Ал сыпаа сүйлөп туруп, кечинде эле бомбалап жатат. Бирок бул жерде кенедей маселе бар: бул мага жакпай жатат", - деди.

Мунун алдында, бейшембиде Трамп Украинага Patriot комплекстерин жөнөтөрүн, анын чыгымын НАТО төлөрүн билдирген. Кошмо Штаттарынын президенти дүйшөмбүдө, 14-июлда Орусия тууралуу маанилүү билдирүү жасарын жарыялаган.

Вашингтон Киевге мындай канча комплекс жөнөтөрүп тактаган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мунун алданда Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “оң жылыш” бар экенин айткан.

Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон.

Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктары биринчи орунга коюлганы менен байланыштырылган.

18:08 13.7.2025

12-июлда саат 14:00дөн бери орус аскерлери 60 учкучсуз учактар менен чабуул жасаганын Украинанын Аскердик-аба күчтөрү билдирди. Ишемби күнү күндүз чабуул негизинен тыл болгон аймактарга жасалса, түнкүсүн Донецк, Сумы жана Днепропетров облустарына сокку урулду. Алардын 20сы атып түшүрүлгөн, дагы 20сы "жеринде жоголгон" же радио жана теле сигналдар менен күрөшө түрган радиоэлектрондук күрөштүн заманбап техникасынын (РЭБ) жардамы менен жок кылынган. Дрондун соккулары беш жерде катталган.

Түнкү аткылоо учурунда Херсондо эки тургун жабыркады.

"75 жаштагы аял жана 44 жаштагы эркек жарылуудан кийин контузия алып, мээси чайкалган. Жараат алгандар учурда ооруканада", - деп билдирди облустук администрация.

Жекшемби күнү күндүз орус армиясы Днепропетров облусунун жайкын тургундар жашаган Великомихайлов айылына чабуул жасады. Андан турак жай урап, аялдын сөөгү урандылардын астынан табылганын Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-июлга караган түнү абадан коргоо күчтөрү Украинанын 36 учкучсуз учагын жок кылып, колго түшүргөнүн билдирди. 26 дрон Белгород облусунун аймагында, дагы төртөө Воронеж, үчөө Липецк, Нижегород аймагында атып түшүрүлдү.

Воронеж облусунун губернатору Александор Гусев түндө аймактагы райондордун биринде бир нече учкучсуз учак жок кылынганын билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Белгород облусунун Мелихово айылындагы жеке турак жайга сокку урулуп, эки жайкын тургун жаракат алганын аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди.

"Ал жерде аял киши баш сөөгүнөн жараат алып, бети сыйрылган, күйөөсү колунан жараат алган", - деп жазды ал Телеграмм-каналга.

14:10 13.7.2025

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда өз өлкөсү Москванын "Украинадагы аракеттерин шартсыз жана толук колдоого" даяр экенин айтты. Бул тууралуу Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги ЦТАК билдирди.

«Жолдош Ким Чен Ын Корея Элдик Демократиялык Республикасы мындан ары да Орусиянын жетекчилигинин Украинадагы кырдаалды түп-тамырынан чечүү боюнча бардык чараларын шартсыз колдой турганын дагы бир жолу ырастады».

Сергей Лавров Түндүк Кореяда үч күндүк расмий сапар менен жүрөт. Ал сапар учурунда Пхеньяндын Орусияга көрсөткөн аскердик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин кореялык достор атайын аскердик операциянын бардык максаттарын толук колдой турганын тастыкташты», — деп айтты ал.

Айрым маалыматтарга караганда, Түндүк Корея Орусияга кошумча аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

16:54 12.7.2025

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Курск облусундагы салгылашка Түндүк Кореядан аскер жөнөтүү тууралуу чечимди Пхеньян кабыл алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Москва бул сунушту “тилектештиктин чыныгы көрүнүшү” катары кабыл алган. Лавров эки өлкөнүн алака-катышын “жеңилгис боордоштук” катары сыпаттады.

“Бизде тилектештиктин чыныгы көрүнүшүнөн баш тартууга кандайдыр бир себеп болгон эмес. Түндүк Корея стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимибизди кандай аткарарын өзү билет деген ойдобуз”,-деди Лавров түндүк кореялык кесиптеши Цой Сон Хи менен жолугушуудан кийин.

Лавров ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери такай байланышта экенин белгиледи.

Цой Сон Хи болсо Пхеньян Орусиянын аракеттерин токтоосуз колдорун, мамлекеттер аралык келишимдеги бардык жоболорду кынтыксыз аткарарын айтты.

Ушул жылдын апрель айында Reuters жана AFP агенттиктери Түштүк Корея парламентинин чалгын боюнча комитетинин өкүлүнө таянып Орусия Украинадагы согушка тарткан түндүк кореялык 600дөй аскер каза болуп, дагы миңдегени ар кандай жараат алганын жазып чыгышкан.

Анын алдында Пхеньян аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын биринчи жолу ырастаган.

Ага чейин түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги байма-бай кабарлап келген.

Өткөн айда Түндүк Корея Курскидеги кыйраган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам иретинде 1000 сапёр жана 5000 аскердик куруучу жиберүүгө убада берген. Май айында бул өлкөдөн жалпы 15 миңдей мигрант келгени белгилүү болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG