Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдагы элчисин алмаштыруу планын ырастады. Анын айтымында, Америкадагы дипломатиялык өкүлчүлүктү Украинанын азыркы коргоо министри Рустем Умеров жетектеши мүмкүн. Украин президенти бул тууралуу Римде, журналисттер менен сүйлөшкөн учурда билдирди. Бул жумада Италияда Украинага колдоо көрсөтүү маселелери боюнча жыйын өтүүдө.
Зеленский Вашингтондогу элчи Оксана Маркарованын ишине ыраазы экенин, аны менен кийинки мамлекеттик кызмат тууралуу сүйлөшкөнүн белгиледи. Ал Маркарованын Украинада ишин улантуусун каалай турганын, бирок акыркы чечимди өзү кабыл аларын айтты. Бул тууралуу "РБК-Украина" басылмасы жазды.
Зеленский коргоо министри Рустем Умеровду АКШга элчи кылып дайындоо "Украина өкмөтүндө олуттуу өзгөрүүлөргө" алып келерин айтты. Ал Украинанын бюджетинин баары азыр “согуш” болуп жатканын жана көп нерсе Коргоо министрлигинен көз каранды экенин белгиледи.
"Ошондуктан, ал жердеги адам күчтүү жана эң маанилүү нерсенин чордонунда болушу керек. Бул Украинаны, биринчи кезекте курал-жаракты чыңдоо", - деп кошумчалады Зеленский жаңы элчи тууралуу айтып жатып.
Буга чейин Bloomberg өз булактарына таянып Украинанын АКШдагы элчи кызматына талапкер катары Умеровдон сырткары вице-премьер Ольга Стефанишина жана энергетика министри Герман Галущенко бар экенин жазган. Басылманын белгилешинче, Зеленский элчини алмаштыруу маселесин Ак үй менен талкуулаган.
Украинадагы адам укуктарынын абалына көз салган Улуттар Уюмунун миссиясы июнь айында каза тапкан жана жапа чеккен карапайым тургундардын эсебин жарыялады. Маалыматка караганда Украинада өткөн айда 232 жайкын тургун каза таап, 1343 киши жарадар болгон.
Украинада июнь айында каза тапкан жана жабыр тарткан жай тургундар 1575ке жетип, 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку көрсөткүчтү берди.
Орус күчтөрү алыска учкан ракеталар жана согуштук учкучсуз аппараттар менен украин шаар-кыштактарын бутага алганы карапайым украиндер арасындагы жалпы жоготуунун 53% себеп болду. БУУнун маалыматында айтылгандай, быйыл июнда Орусиянын аймагынан Украинага 2024 жылдын июнуна салыштырмалуу он эсе көп ракета, жанкечти-дрондор атылган.
Херсон жана Донецк облусундагы майданга чектеш райондордо учкучсуз аппараттардын чабуулунан жабыркагандар көп болду. Украинанын 16 аймагында жай тургундар жабыр тарткан. Июнда бул өлкөнүн энергетикалык жайларына 13 чабуул, Орусия оккупациялап алган жерлерге 7 чабуул жасалган.
Орусиянын армиясы 10-июль түнү Киевге кайрадан учкучсуз учактар жана ракета менен сокку урду. Киев шаардык администрациясы эки киши набыт болгонун билдирди. Калаа мэри Виталий Кличконун айтымында, 16дан кем эмес киши жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат эки адам каза болуп, 12си жараат алганын кабарлады.
Киев жана Киев облусуна абадан сокку дээрлик 10 саатка созулган.
Орусиянын Украинадагы толук масштабдуу согушу башталганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.
Европарламент Орусиянын Украинада уланып жаткан согуш кылмыштарын айыптаган резолюция кабыл алды. Документ шаршемби күнү 507 макул, 77 каршы жана 45 калыс добуш менен жактырылды. Резолюцияда Орусиянын 2022-жылдын февраль айында Украинага жапырт бастырып кириши Европадагы тынчтыкты жана туруктуулукту бузуп, глобалдык коопсуздукка олуттуу доо кетиргени белгиленген. Ошондой эле Орусия "Европанын коопсуздугуна эң олуттуу жана түздөн-түз коркунуч" деп аталган.
Европарламенттин депутаттары агрессиялык согуш үчүн Орусия жалгыз жоопкерчилик тарта турганын жана орус аскерлери менен расмий тараптардын эл аралык нормаларды, адам укуктарынын бузулуусу, согуш кылмыштары жазасыз калбай турганын белгилешти.
Депутаттарды өзгөчө Орусиянын жай тургундарга чабуул жасаганы, ошондой эле Украинанын жарандык инфраструктурасын атайылап жана системалуу түрдө талкалап жатканына нааразылыгын билдиришти. Документте украиналык балдарды Орусияга депортациялоо Кремлдин украиналыктардын улуттук иденттүүлүгүн жок кылууга багытталган стратегиясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн экени белгиленет.
Европарламент Орусия Украинанын карапайым калкына каршы ырайымсыз кылмыштарын улантып жатканын белгиледи. Украин бийликтеринин маалыматы боюнча, учурда 16 миңдей украиналык жаран Орусияда жана Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында камакта. Расмий түрдө дайынсыз жоголгондордун тизмесинде 70 миңден ашуун украиналык, анын ичинде балдар, жайкын тургундар жана аскер кызматкерлери бар.
Резолюцияда украиналык аскерий туткундарынын жазага тартылышы катуу айыпталып, бул Женева конвенциясы боюнча согуш кылмыштары катары таанылганы белгиленген. Европарламент Европа Кеңеши менен Украинанын ортосундагы Орусиянын Украинага каршы агрессия кылмыштары боюнча атайын трибунал түзүү жөнүндөгү макулдашууну кубаттады.
Депутаттар Украинадагы кылмыштар үчүн күнөөлүү болгон бардык тараптарды жоопко тартууну талап кылып, Орусияны туткундардын бардыгын алмаштырууга тез арада макул болууга чакырды.
Ошондой эле Евробиримдикти Орусиянын камакка алынган мамлекеттик активдерин Украинанын пайдасына конфискациялоо процессин тездетүүгө чакырып, мунун укуктук механизмдери бар экенин жана аны кечиктирүү “Европа өкмөттөрүнүн саясатынын кечирилгис катасы” болорун айтышты.